Өтүнмөнү кантип берип, канткенде «Ыйман» фондунун ыктыярчысы боло аласыз?
Коомго пайда келтирүүнү, жаңы тажрыйба топтоону жана ынтымактуу команда менен иштешүүнү кааласаңыз, биз сизди күтөбүз. Төмөндөгү талаптар менен таанышып чыгыңыз.
Талапкерлерге коюлган талаптар
Жаш курагы
Талапкер 18 жаштан 45 жашка чейин болушу керек.
Билими жана тажрыйбасы
Орто же жогорку билимдүү. Мүмкүн болсо, ыктыярчы катары же башка иштеги тажрыйбасы болушу артыкчылык.
Көндүмдөрү
Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү милдеттүү шарт. Англис жана башка тилдерди билүү артыкчылык болуп саналат.
Анкета толтуруу
Эгерде сиз жогорудагы талаптарга жооп берсеңиз жана ыктыярчы болууну кааласаңыз, төмөнкү баскычты басып, анкетаны толтуруңуз.
АНКЕТА ФОРМАСЫКошумча суроолорум пайда болсо, кимге кайрылам?
Бардык кошумча суроолор боюнча электрондук дарек аркылуу кайрылууңузду өтүнөбүз:
krpafondiyman@gmail.com