МАКСАТЫБЫЗ
Фонддун негизги максаты коомду ар тараптуу өнүктүрүүгө жана калкты социалдык жактан колдоого, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө, жарандардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгуу жана колдоо болуп саналат. Конфессиялар аралык ынтымакты, диний сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгуу.
ФОНД ЭМНЕ ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН
Жарандардын диний маданиятын жана диний агартуусун колдоо жана өнүктүрүү өлкөдөгү туруктуулукту сактоо факторлорунун бири болуп эсептелет.
Жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлгөн.