Жардам кербени Жалал-Абадга жетти

Жалал-Абадга жардам

«Ыйман» фонду Падыша Салман фонду менен биргеликте Жалал-Абад облусундагы 2060 аз камсыз үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгын таратты.

Бул гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков жана фонддун өкүлдөрү катышты.

Кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кабыл алып, облустун калкынын аярлуу катмарында жашаган тургундарга колдоо колун сунгандыгы үчүн ыраазычылык барактарын тапшырды.

«Мамлекет муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда. Мына ошол долбоорлор жемишин бере баштады. Сиздер уюштурган гуманитардык жардам дагы аялуу катмарды колдоого кошкон салым. Анткени кайрымдуулукту берешендиктин белгиси деп билебиз», - деди Тилек Текебаев.

«Кайрымдуулук — аң сезимдүү түрдө жакшылык кылуу. Бул чоң моралдык түшүнүк. Мындан улам биз жардам колун сунуу менен коомду боорукердикке, бири-бирин жөлөп-таяп турууга чакыргыбыз келди. Анткени бул – адамдык парз», - деп белгилешти «Ыйман» фондунун өкүлдөрү.