Бүгүн “Ыйман” фонду тарабынан Нарын облусунда өткөрүлгөн имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады.
Бул иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү жана облус казылыгынын казысы катышып, өздөрүнүн колдоосун жана пикирин билдиришти.
Фонддун төрагасы Туран уулу Жанузак дин бул ыкластуулук экендигин белгилеп: “Урматтуу имамдар, сиздердин чын ыкластуу эмгегиңиздерге терең ишенем,” — деп билдирди. Ошондой эле, Президенттин ысырапкорчулук жана күмбөздөр боюнча жарлыктарына эң чоң салым кошо турган да, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барып, туура багыт бере турган да имамдар экенин баса белгиледи.
“Ыйман” фонду бул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу аркылуу коомубузда диний маданиятты бекемдөө жана коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошууну улантат.