Имамдардын билимин жогорулатуу боюнча окуу программасы ишке ашырылууда

Имамдарды окутуу

“Ыйман” коомдук фонду дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган стипендиялык жана окутуу программаларын ишке ашырууда. Бул демилге диний агартууну өнүктүрүү, конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту чыңдоо максатын көздөйт.

Программанын алкагында атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан “Мамлекеттик мыйзам жана салттуу Ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу” аталышындагы окуу курсу иштелип чыккан. Курстун жүрүшүндө имамдарга объективдүү илимий билимдерди берүүгө жана теологиялык менен светтик предметтердин балансын сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Окуу программасынын негизги багыттары:

  • Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын укуктук негиздери
  • Куран илимдери жана тафсир
  • Ислам укугу (фикх) жана Ханафи мазхабы
  • Ишеним окуусу (акыйда)
  • Риторика жана динге чакыруунун заманбап усулдары

Бул программанын алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 235тен ашуун айылдык имам-хатибдери окуудан өтүп, аларга атайын сертификаттар тапшырылды. Мындан сырткары, 2024-жылдын ноябрь айынан тарта имамдарды колдоо үчүн ай сайын 8000 сом өлчөмүндө стипендия берүү программасы да ишке ашырылып келет.