“Ыйман” фонду жана Король Салман борбору муктаждарга жардам көрсөтөт

Азык-түлүк жардамы

2024-жылдын 31-июлунда “Ыйман” фонду менен Король Салмандын гуманитардык жардам жана жардам борбору (KSA Relief) ортосунда “Кыргыз Республикасындагы эң муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн азык-түлүк жардамы – 2024” долбоорунун алкагында келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Келишимдин натыйжасында калктын аялуу катмарына 8100 азык-түлүк себети бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу чыгымдары үчүн 34 068 АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Ар бир азык-түлүк себетинин салмагы 48 кг түзүп, төмөнкүлөрдөн турат:

  • Ун – 25 кг
  • Өсүмдүк майы – 3 литр
  • Макарон – 5 кг
  • Гречка – 5 кг
  • Күрүч – 5 кг
  • Кумшекер – 3 кг
  • Томат пастасы – 1 литр
  • Туз – 1 кг

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен ишке ашырылып, жалпы 32400 адамды камтыды.