Анкарада окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштурулду

Анкарадагы жайкы лагерь

“Ыйман” коомдук фонду Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан тандалып алынган 20 окуучу үчүн Түркиянын Анкара шаарында жайкы лагерь уюштурду.

Жайкы лагердин негизги максаты – окуучулардын жаңы билимдерге болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын руханий жактан өнүгүүсүнө салым кошуу. Программанын алкагында атайын окуу курстары жана Анкаранын тарыхый-маданий жайларына саякаттар уюштурулду.

Бул демилге жаш муундардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана жаңы тажрыйбаларды алуусуна зор мүмкүнчүлүк түздү.