Казакстан элине гуманитардык жардам

Казакстанга жардам

2024-жылдын 30-майында “Ыйман” коомдук фонду Казакстан Республикасындагы суу ташкынынан жабыркаган боордош элге гуманитардык жардам жөнөттү.

Бул жардам Кыргызстандагы бир катар кайрымдуулук фонддору, маданият ишмерлери жана мекендештерибиз менен биргеликте топтолду. Гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коштоосунда Казакстанга жетип, ал жактагы «Асар-Үме» кайрымдуулук фондуна тапшырылды.

Бул иш-чара эки элдин ортосундагы боордоштукту жана ынтымакты дагы бир жолу далилдеп, кыйын кырдаалда бири-бирин колдоонун маанилүүлүгүн көрсөттү.