“Ыйман” фонду коомдогу муктаж катмарды колдоону негизги милдеттеринин бири катары көрөт. Биздин кайрымдуулук долбоорлорубуз – бул жөн гана материалдык жардам эмес, бул адамдарга үмүт, ишеним жана жылуулук тартуулоо аракети. Төмөндө акыркы аткарылган иш-чараларыбыз менен тааныша аласыз.

Мектеп сумкалары

“Балага белек – эртеңки келечек”

“Ыйман” коомдук фонду “Балага белек – эртеңки келечек” аттуу долбоорду ишке ашырды. Анын алкагында республика боюнча 300дөн ашык муктаж жана жетим балдарга мектеп сумкалары жана керектүү окуу куралдары тапшырылды.

Бул ишке салым кошкон ар бир жарандарыбызга жана өзгөчө чоң колдоо көрсөткөн Эмират эл аралык кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Долбоордун негизги максаты – балдардын билимге болгон жолун жеңилдетүү жана алардын эртеңки келечегине дем берүү.

Памир кыргыздарына жардам

Памирлик боордошторго жардам

«Ыйман» фонду Падыша Салман фонду менен биргеликте Чоң-Алайда жашап жаткан Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Анда ар бир үй-бүлөгө себетке салынган азык-түлүк топтому таратылды.

“Бизге мамлекет боор тартып, абдан жакшы жардам берүүдө. Жолдун алыстыгына карабай, бизден кабар алып, азык-түлүк менен камсыз кылганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”, - деди этникалык кыргыздардын өкүлү.

Ош облусуна жардам

Азык-түлүк себеттери Ош облусуна жетти

Өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк себеттерин таратуу боюнча масштабдуу кайрымдуулук акциясы уланууда. Бүгүн Ош облусуна жетип, 1500дөй үй-бүлөгө жардам берилди. Бөлүштүрүлгөн азык-түлүк себеттеринин жалпы салмагы 269,4 тоннага барабар.

«Ар бир себет – бул жөн гана азык-түлүк топтому эмес, бул биздин коомдун аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнүн жана кам көрүүнүн символу,» - деди «Ыйман» фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу.

Нарын облусуна жардам

Жардам кербени Нарын жергесинде

Ыйман фонду Сауд Аравиясынын Падыша Салман гуманитардык фонду менен биргеликте Нарын облусунун аймагында 490 азык-түлүк баштыгын таркатып, жергиликтүү тургундарга чоң колдоо көрсөттү.

Ар бир азык-түлүк баштыгы 48 кг салмактагы негизги тамак-аштарды, анын ичинде ун, өсүмдүк майы, макарон, күрүч, гречка, шекер жана томат пастасын камтыды.

Жакшылыкка себепчи болуңуз

Сиз дагы биздин кайрымдуулук долбоорлорубузга салым кошуп, муктаж болгондорго жардам бере аласыз.

Кайрымдуулук кылуу