“Ыйман” фонду эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында чет элдик фонддор, элчиликтер жана эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташып келет.

Эл аралык илимий-практикалык конференция

Эл аралык илимий-практикалык конференция

11-сентябрь, 2025-ж.

«Ыйман» фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алкагында өткөн «Сиражуддин аль-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы окумуштуулары катышып, «Ыйман» фонду бул маанилүү иш-чаранын өтүшүнө каржылык колдоо көрсөттү.

Кувейт мамлекетинин элчиси менен жолугушуу

Кувейт мамлекетинин элчиси менен жолугушуу

13-сентябрь, 2025-ж.

Бүгүн “Ыйман” фондунун төрагасы Туран уулу Жанузак Кувейт мамлекетинин элчиси менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстан менен Кувейт фонддору ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Алдыда эки элдин маданий жана гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталган жемиштүү долбоорлор күтүп турат.

Катар республикасынын элчиси менен жолугушуу

Катар мамлекетинин элчиси менен жолугушуу

22-август, 2024-ж.

Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында “Ыйман” фонду менен Катар мамлекетинин ортосунда биргелешкен кайрымдуулук жана диний агартуу долбоорлорун ишке ашыруу маселелери каралды. Мындан ары дагы биргеликте алгылыктуу иштер улантылары белгиленди.

Түркия Диянет Фондунун төрагасы менен жолугушуу

Түркия Диянет Фонду менен кызматташтык

3-июль, 2024-ж.

“Ыйман” фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу Түркия Диянет Фондунун төрагасы Изани Туран менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө диний маданиятты өнүктүрүү багытында кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Эл аралык долбоорлорду колдоңуз

Сиздин жардамыңыз менен биздин фонд эл аралык деңгээлде дагы да көптөгөн ийгиликтерге жете алат.

Колдоо көрсөтүү